Депутат чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын 100 миң долларга берүүнү сунуштады (видео)

Депутат чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын 100 миң долларга берүүнү сунуштады (видео)

Чет элдиктер Кыргызстандын паспортун 1 миң долларга алып кетүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.

Жыйында депутат президент менен өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Кыргызстандын жарандыгын алган башка өлкөнүн атуулдары чет жерде Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирип, анын айынан чек араларда кыргызстандыктар катуу текшерилип, кыйынчылык тартып жатканын айтты.

«Кыргызстандын паспортун алгандар чет жерде Кыргызстандын аброюну шек келтирген фактылар көп боло баштады. Азыр Кыргызстандын паспорту менен чек арадан өтсөң, өтө дыкат текшерип, андан кийин гана тоскоолдук менен өткөрүп жатышат. Биздин мамлекеттин аброюну шек келтирип жатышат. Мисалы Түркия 380 миң доллар инвестиция жасасаң, жарандыгын берчү. Азыр 500 миң доллар кылыптыр. Дубайдыкы 1 млн доллар. Бизде болсо болгону 1 миң долларга паспортту алып жатышат. Жок дегенде 100 миң долларга алышсын: 100 миң долларга имарат болобу, батир алабы, калыстык үчүн бир салым кошуп туруп алыш керек. Биз өмүр бою бул жакта жашап жүрөбүз, жок дегенде соцпакет төлөйбүз. Башка жарандар келип, 3 күндө тез убакытта (паспорт) алып жатышат. Андай болбойт», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>