Бишкекте бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты башталды

Бишкекте бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты башталды

Бишкекте 3-сентябрда бодибилдинг жана фитнес боюнча Азия чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага 22 өлкөдөн 800дөн ашык катышуучу катышууда. Чемпионаттын ачылыш аземине министр Азамат Жаманкулов, Эл аралык бодибилдинг федерациясынын президенти Рафаэль Сантохи жана Азиядагы бодибилдинг жана фитнес уюмунун президенти Виталий Кожухов катышты.

Азамат Жамакулов өз сөзүндө президент Рафаэль Сантохиге чемпионатты Бишкекте өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

«Биз бул чемпионатты өз үйүбүздө өткөрүүгө абдан кубанычтабыз. Чемпионатты уюштурган Эл аралык федерацияга ыраазычылык билдиребиз, ошондой эле Виталий Кожуховду Азиянын президенти болуп шайланышы менен куттуктайбыз. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм! Күчтүү жеңсин!”, — деди министр.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда Азиянын бодибилдинг жана фитнес боюнча жаңы президентин шайлоо өткөн. Ага Кыргызстандын бодибилдинг жана фитнес федерациясынын президенти болгон Виталий Кожухов шайланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>