Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Маяналар көтөрүлдү. Жылына бюджеттен канча каражат бөлүнөт?
05.09.2022 | 11:03
Ушул жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы жогорулады.
Финансы министрлигинин Штаттык сан жана эмгек акы башкармалыгынын башчысы Иса Бакировдун маалыматына караганда, маяна үчүн 5 айга 7 млрд сом керектелет.
«Ал эми жылдык эсеби боюнча 16.8 млрд сом бөлүнөт», — деди Бакиров.
Министрликтин берген маалыматына караганда, 1-августтан тартып бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров айлык маянасы көтөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылуу жасаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика