Дин, тил жана биримдик: Кыргызстанда 2030-жылга чейинки жаңы улуттук программа сунушталуудаБишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөтСадыр Жапаров АӨКЧМдин жетинчи саммитине катышуу үчүн Бакуга барды«Манас» аэропортунун аймагында ири экспо-борбор курулатСтамбулду катуу нөшөрдөн кийин суу каптады: эки адам каза болуп, мектептер жабылдыКМШнын коргоо министрлеринин жыйынында Кыргызстан менен Орусия 2027-жылга карата планды бекитишти
Бишкекте швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» оркестринин музыкалык парады өтөт
15.10.2026 | 14:44

18-октябрда Бишкек шаарынын көчөлөрүндө Швейцариянын 220 жылдан ашык тарыхы бар «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө аспаптар оркестринин парады өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Музыкалык парад саат 13:00дө башталып, анда оркестр ачык асман алдында чыгармаларды аткарышат. Жүрүш Эркиндик бульвары менен Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнүн (ошондой эле Линейная көчөсүнүн) кесилишинен башталып, Улуттук тарых музейинин алдында аяктайт. Парадды көрүү акысыз.
Швейцариялык оркестр Кыргызстанга биринчи жолу келүүдө. Параддан кийин алар борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында концерт беришет.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият