Опузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалды

11.08.2026 | 17:31
Опузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалды — Новости Кыргызстана

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте 30 миң доллар алып жаткан жеринен ӨКМге караштуу Токой кызматынын Ысык-Көл токой чарбасынын инженери Т.Б. жана уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү делген К.Д. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, буга чейин укук коргоо органдарына кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан опузалап акча талап кылган адамдар тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап акча талап кылуу») менен кылмыш иши козголгон.

Опузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалды — фото 4
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр Ананьево айылындагы 10 гектар жер тилкесин пайдалануу укугуна мыйзамдуу негизде сынакта жеңип чыккан жарандан акча талап кылышкан.
Опузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалды — фото 5

ИИМден билдиришкендей, токой чарбасынын кызматкерлери жеке кызыкчылыктарын көздөп, сынактын жеңүүчүсү менен тиешелүү келишимди атайылап түзбөй, андан 30 миң АКШ долларын талап кылышкан.

Кармалгандар эки айга убактылуу кармоочу жайга (УКЖ) киргизилди.

Scroll to Top