Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөт
13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт
13.10.2026 | 09:00

Бүгүн, 13-октябрда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, ошондой эле Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 6…11°C, күндүз 19…24°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 17…22°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 19…24°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 19…24°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 19…24°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 13…18°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 1…6°C, күндүз 13…18°C болот;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 9…11°C, күндүз 20…22°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы