Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылдыМСК салык системасындагы беш жылдагы топ-5 өзгөрүүлөр жөнүндө айтып бердиӨзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык кылган шектүү кармалдыMBANK’тан «Маниполия» боюнча жашыруун гайд: «Мани» упайларын оңой топтоп, «Байгелер дүкөнүндө» сарптоонун 3 ыкмасыКыргызстанда «ЭлКат» эл аралык интернет-трафиктин жалгыз оператору болдуГЭСтер курулууда, 95 ишкана ачылды: Нарында 9 айда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылды
Бишкекте эки көчөнүн оңдолуп бүткөн тилкелери ачылды
30.04.2025 | 16:16
Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарында эки көчөнүн тилкелери оңдолуп бүтүп, унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Оңдоп-түздөөдөн кийин Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки батыш тарабы ачылды. Ошондой эле, Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Карл Маркс көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бишкек мэриясы жакында аталган жол тилкелеринин жээктеринде көрктөндүрүү иштери башталып, унаа токтотуучу жерлер оңдолорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом