Бишкекте экологиялык нормаларды бузгандар айыпка жыгылат

Бишкекте экологиялык нормаларды бузгандар айыпка жыгылат

Бишкек шаарынын экологиялык нормаларын бузгандар 255 миң 500 сом айып пул менен жазаланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан  зыяндуу заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча  90 рейд жүргүзүлүп, 341 чарба жүргүзүүчү субъектилер: мончо, сауна, жеке менчик үйлөр текшерилген.

Текшерүүнүн максаты – каучук, резина, синтетикалык калдыктарды жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү тыюу салынган заттарды  өрттөөнүн  алдын алуу.

“Анын жыйынтыгы менен 255 миң 500 сомдук 24 мыйзам бузуу протоколу түзүлдү. Текшерүүдө көпчүлүк учурда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары тастыкталган жок, көбүнүн экологиялык паспорттору болгондугу  аныкталган. Ошондой эле, инспекция бардык субъекттерге  отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча эскертүүлөр берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Рейддер 2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралар планын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>