Жалал-Абадда милиция 12 унаалуу болуп, имараты оңдолду (сүрөт, видео)

Жалал-Абадда милиция 12 унаалуу болуп, имараты оңдолду (сүрөт, видео)

Жалал-Абад облустук милициясы быйыл 6 айда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана калк менен байланышты жакшыртуу максатында облустук милицияда «Коомдук кабылдама» ачылып, заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган.

«Коомдук кабылдамага кайрылган жарандардын арыз-даттануулары электрондук түрдө кабыл алынып, тиешелүү кызматкерлерге жеткирилип, ыкчам чаралар көрүлүп, жетекчиликтин көзөмүнө алынууда», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, облустук милициядан белгилешкендей, быйыл февраль айында ички иштер министри Улан Ниязбеков милиция жетекчилерине 7 багыт боюнча тапшырма берген. Тапшырманы аткаруу жана кызматкерлерге иштөө үчүн шарт түзүү максатында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгында жыл башынан бери бир катар оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.

«ОИИБнин имаратынын биринчи жана экинчи кабаттарына туш кагаздар жабыштырылып, астына сары таш төшөлдү. Имараттын арткы жана каптал жагы, кампа тарабы сырдалды. Кызматкерлер окуу-машыгуусун өткөрүүчү аянчага  асфальт төшөлүп, чийиндер жаӊыдан чийилди.

Санариптештирүү багытында Жалал-Абад облусунун аймагында адамды жүзүнөн тааный турган камераларды коомдук жайларга орнотуу жумуштары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашырылууда. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарынын колдоосу менен мэриядан 5,5 млн сом акча каражаты шаар аймагында эл жыш чогулган 22 жерге 48 даана видеобайкоо камералын орнотууга бөлүнүп, азыркы учурда тендерге берилген», — деп айтылат маалыматта.

Жыл башынан бери облустук милиция 12 унаалуу болгон.

«24-апрелде Жалал-Абад ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө жеке демөөрчү тарабынан «Киа К5» үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. 28-апрелде ИИМ тарабынан берилген, 2023-жылы чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБнин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылган. 3-майда Жалал-Абадда өткөн улуттук көк бөрү оюнунун ачылыш аземинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Жеңишбек Абитовго 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Тойота Королла» автоунаасын тапшырган.

8-майда ИИМге берилген автоунаалардын ичинен 2023-жылы чыгарылган «Лада Гранта» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө тапшырылган. Учурда Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Токтогул милициясына жаңы чыгарылган «Шевроле Нексия» үлгүсүндөгү автоунаалар берилүү алдында турат», — деп белгилешти милициядан.

Андан тышкары, облустук милициядан билдиришкендей, Жалал-Абад облусунун аймагында ички иштер органдарынын ардагерлерине кам көрүү жагы дагы колго алынды.

«Ардагерлер ИИМ тарабынан берилген жолдомолор менен Ысык-Көлдөгү «Аалам» жана «Дзержинец» пансионаттарында эс алышууда жана ИИМдин медалдары менен өз убагында сыйланып жатышат. Ал эми кызматкерлердин жана ардагерлердин балдары Арстанбаптагы «Келечек» лагеринде эс алышууда. Быйылкы жылы 400 баланы эс алуу пландаштырылып, 10-июлда экинчи агым менен балдар жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>