Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкекте электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады — Энергетика министрлиги себептерин тактоодо
14.08.2026 | 17:12

Бүгүн, 14-августта Бишкекте электр энергиясы менен камсыздоодо мүчүлүштүктөр байкалууда. Шаардын айрым аймактарында чыңалуу өзгөрүп, жарык өчүп калган учурлар болду.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирди.
«Энергетика министрлиги электр энергиясынын кыска мөөнөттүү өчүшү боюнча кырдаалды көзөмөлгө алды. Энергетикалык компаниялар өчүрүүнүн себептерин жана жагдайларын тактап жатышат. Такталган маалымат алынары менен өчүрүүнүн себептери тууралуу кошумча кабар берилет», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйлөрү Казакстан менен Тажикстанда да байкалууда.