Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн 30 млн сомдук сүйлөө процессорлору сатылып алынды

Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн «Cochlear» компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлору сатылып алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Жалпы баасы 30 млн сомду түзгөн бул жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен Австралиядагы өндүрүүчү заводдон түздөн-түз сатып алынган. Жабдууларды балдарга тапшыруу аземи 18-августта өтөт.
Министрлик бул демилге балдардын билим алуусуна, баарлашуусуна жана дүйнөнү таанып-билүүсүнө жаңы шарттарды түзүү максатында ишке ашырылып жатканын билдирди.
Маалымат үчүн: «Cochlear» сүйлөө процессорлору кохлеардык имплантация системасынын тышкы бөлүгү болуп саналат. Ал микрофондор аркылуу үндү кабыл алып, аны санариптик кодго айлантат жана ички имплантка электрдик импульс түрүндө өткөрөт. Бул технология угуусу начар же такыр укпаган адамдарга үндөрдү жана сүйлөшүүнү таанууга мүмкүндүк берет.