Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Орусияда мигранттар тарабынан жасалган кылмыштардын саны дээрлик 40%га азайды — РФ ИИМи
14.08.2026 | 16:58

Орусияда жарым жыл ичинде чет өлкөлүк жарандар 14,4 миңден ашык кылмыш жасашкан. Бул өткөн жылга караганда дээрлик 40%га аз экенин РФ Ички иштер министрлигине (ИИМ) таянып жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришүүдө.
Такталган маалымат боюнча, январь айынан июнь айына чейин чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалган 14 миң 449 кылмыш катталган, анын ичинен 11 миң 861и — КМШга мүчө мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 39,1%га жана 41,2%га төмөндөгөн.
Ал эми Орусияда мигранттарга карата 3 миң 880 кылмыш катталган, бул 2025-жылдын алты айына караганда 18,2%га аз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом