Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Бишкекте электр транспорт фестивалы өтөт
17.05.2022 | 15:41
Бишкек шаарында 22-майда “Ынтымак-2” паркында электр транспорт фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Фестиваль “Жашыл экономика 2019-2023” өнүктүрүү жана экологиялык таза транспорт түрлөрүн жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Токтоналиев, Абдрахманов, Токтогул көчөлөрү жана Манас проспектиси боюнча автожүрүш уюштурулат.
Жалпысынан 60ка жакын электр унаасы жана 100дөн ашык эко велосипеддин катышуусу күтүлүүдө.
Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул жөө жүрүштү МАИ кызматкерлери коштойт.
Фестивалда шоу-программа коштолуп, ага Баястан, Айым Айылчиева, Жанат Турушбеков (Jax) жана Rolling Papers музыкалык тобу катышат.
Фестиваль саат 16:00дөн 21:00гө чейин уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом