Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Бишкекте этти арзан баада саткан фудтрактар иштөөдө (даректери)
04.08.2026 | 12:57

Бишкек шаарында этти 680 сомдон саткан атайын фудтрактар иштөөдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу «Кыргыз Агрохолдинг» ААКы билдирип, алардын даректерин жарыялады.
Фудтрактар төмөнкү жерлерде жайгашкан:
- Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай);
- Көк-Жар кичи району, 3/1 жанындагы унаа токтотуучу жай;
- 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» унаа токтотуучу жайы);
- Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши («Берекет Универсал» базарынын батыш тарабы);
- Тунгуч кичи району («Глобус» унаа токтотуучу жайы);
- Орто-Сай базары («Оберон» унаа токтотуучу жайы);
- Гагарин жана Космостук көчөлөрүнүн кесилиши («Глобус» унаа токтотуучу жайы);
- Ленин көчөсү, 135;
- Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү («Глобус» унаа токтотуучу жайы);
- Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.
Министрлик ушул даректер боюнча сатуу иштери эттин баасын турукташтыруу максатында уюштурулганын билдирди.