«Манас» аэропорту ШКУ саммити жана ДКО учурунда иштөө режимин өзгөртөт — кенен маалымат«Жашоо чындыгын тосуп жатышат»: бишкектиктер ШКУга даярдыктын көмүскө тарабын көрсөтүштү — видео«Кыргызкөмүр» жылытуу мезгилинин алдында калкка көмүр сата баштады — базалардын даректериКР Саламаттык сактоо министри инфаркт алган 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам бердиЖКККУ мүчөлөрү Арменияны уюм боюнча союздаш деп эсептешет — башкы катчыБишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде 554 жаңы чырак орнотулду
ММКФ 1,8 млрд сом бюджетти өздөштүргөн жок — Эсептөө палатасынын аудити
04.08.2026 | 12:57

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышында каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ММКФнын бекитилген бюджети 2 млрд 12,2 млн сомго көбөйтүлүп, кирешелер жана чыгашалар боюнча 10 млрд 340,1 млн сомго чейин такталган. Жылдын жыйынтыгы менен фонддун кирешеси 10 млрд 598 млн сомду түзүп, бул пландын 102,5%ына барабар болгон. Ошол эле учурда чыгашалар такталган пландын 82,3%ына гана аткарылып, 8 млрд 505,4 млн сомду түзгөн. Бул пландалган көлөмдөн 1 млрд 834,7 млн сомго аз.
Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, бюджеттик каражаттарды пайдалануу жалпысынан мыйзам талаптарына жооп берген. Ошону менен бирге, аудиторлор бюджетти башкарууда айрым каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди аныкташкан.
Алардын ичинде — бюджетти түзүүдөгү жана аткаруудагы мыйзам бузуулар, эмгекке акы төлөө тартибинин талаптарын сактабастан акча төлөп берүүлөр, курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатып (ашыра) көрсөтүү, нормадан ашыкча чыгашалар, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук эрежелерин бузуу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар бар.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү, ошондой эле каражаттардын ордун толтуруп, бюджетке кайтаруу үчүн жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аудит, Кыргызстан