Чүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыкты
Кыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылды
21.10.2026 | 12:22

Кыргызстандын жарандары үчүн Омандын борбору Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясынын Жидда жана Медина шаарларына авиакаттамдар жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдирди.
Маалыматка ылайык, учактар Бишкек жана Ош шаарларынан учушат. Каттамдардын графиги төмөндөгүдөй:
- Бишкек шаарынан жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат. Багыты: Бишкек → Маскат → Жидда / Медина → Маскат → Бишкек.
- Ош шаарынан жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү аткарылат. Багыты: Ош → Маскат → Медина / Жидда → Маскат → Ош.
Мекеме бул авиакаттамдар Кыргызстандан Сауд Арабиясына сапар тартууну жана зыярат кылууну камсыз кылууга багытталганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом