Садыр Жапаров «Мадина» жаңы базарын ноябрга чейин ишке даярдоону талап кылды

Президент Садыр Жапаров шейшемби, 20-октябрда, «Мадина» жаңы базарына күтүүсүз барып, соодагерлер менен жолугушту. Ал президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге базарды ачууга даярдоо иштерин аяктап, ишкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бурууну тапшырды. Ноябрдын башына чейин базар толук даяр болуп, кадимки режимде иштей башташы керек.
Буга чейин соодагерлер социалдык тармактарда кайрылууларды жарыялап, соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдиришкен. Президент жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Туманбаев объект өрт жана санитардык коопсуздук талаптарына жооп берерин жана ачылууга даярдалып жатканын билдирди. Администрациянын маалыматына караганда, соодагерлердин болжол менен 90%ы жаңы орундарга көчүп барган.
Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү. Алар президенттин көңүл бурганына ыраазычылык билдирип, буга чейин жаңы базар мамлекет башчысынын жакын туугандарына таандык деген туура эмес маалымат алышканын белгилешти.
Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесинин ээси долбоорду аягына чыгара албай, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ал салган каражат базар киреше алып келе баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда базарды ачууга даярдоо иштерин президенттин Иш башкармалыгы аяктап жатат.
Андан соң Жапаров августтун аягында өрт чыккан эски «Мадина» базарына барып, соодагерлер менен сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында жабыркагандарга компенсацияны эски базар жайгашкан жер тилкесинин ээси төлөп берери белгилүү болду.
Буга чейин ишкерлердин айрымдары соода орундарын базардын мурдагы ээлеринен сатып алышкан. Мындай кайрылуулардын ар бири укук коргоо органдарынын катышуусунда жекече каралат.