Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты уланууда

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты уланууда

Бүгүн, 9-январда Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 8-январда башталган. Ал күнү балбандар 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактарда күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталган.

Бүгүн чемпионаттын экинчи күнүндө 60, 67, 77, 87, 130 кг салмактарда таймаштар өтөт.

Беттештер саат 11:00до башталып, УТРК Спорт каналынан түз эфирден көрсөтүлөт.

Күрөш боюнча өлкө чемпионаты: Биринчи күндүн жыйынтыгы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: Күрөш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>