Эксклюзив

Нафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык

26.10.2026 | 16:23
Нафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык — Новости Кыргызстана

Кыргызстан менен Азербайжан кыргызстандык кесиптик кошуундардын мүчөлөрүнө азербайжандык санаторийлерге жеңилдетилген жолдомолорду берүүнү жана Азербайжан жарандарынын Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууну талкуулап жатышат. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Азербайжандын Профсоюздар конфедерациясына караштуу «Курорт» ЖАКтын башкы директору Чингиз Гаджиев билдирди.

Анын айтымында, азербайжандык делегациянын Бишкекке жасаган сапарынын максаты — өлкөнүн ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу жана кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташуунун конкреттүү багыттарын талкуулоо.

«Биз Бишкекке Азербайжандын табигый байлыктары менен досторубуз жана кесиптештерибиз менен бөлүшүү, ресурстарыбыз тууралуу айтып берүү жана туризм тармагында кызматташууну жолго коюу үчүн келдик. Эмне үчүн дал Кыргызстан? Анткени бул жерде санаториялык-курорттук дарылоо салты бар. Эл санаторий жана ден соолукту чыңдоо эмне экенин жакшы билет», — деди Гаджиев.

Ал Азербайжандын ден соолукту чыңдоочу жайлары ар кандай табигый ресурстарды: минералдык сууларды, нафталан мунайын, Дуздаг туз үңкүрлөрүн, мышьяктуу сууларды жана курорттук аймактардын климаттык өзгөчөлүктөрүн колдонорун айтты.

Гаджиевдин пикиринде, санаториялык-курорттук дарылануу оорулардан кийин калыбына келүүгө гана эмес, алардын алдын алууга да багытталышы керек.

«Көпчүлүк адамдар ооруп калгандан кийин гана дарыгерлерге кайрылышат. Биздин максатыбыз болсо — оорунун пайда болушун алдын алуу. Заманбап илим да ооруну кийин чоң ресурстарды коротуп дарылаганга караганда, анын алдын алуу экономикалык жактан да, социалдык жактан да бир топ пайдалуу экенин көрсөтүп жатат», — деп баса белгиледи ал.

Ден соолукту чыңдоонун табигый ыкмалары тууралуу айтып жатып, Гаджиев минералдык суулар менен нафталан мунайын туура колдонуу аркылуу айрым өнөкөт ооруларда узак мөөнөттүү ремиссияга жетүүгө болорун билдирди.

«Курорт» ЖАКтын жетекчиси эки өлкөнүн кесиптик кошуундарынын туристтик уюмдарынын ортосундагы кызматташтык мындан бир нече ай мурун башталганын айтты.

«Үч ай мурда Азербайжанда кызматташтык тууралуу меморандумга кол койгонбуз. Кыргызстандык кесиптештерибиз бизге келип, мүмкүнчүлүктөрүбүздү өз көздөрү менен көрүп кетишкен. Эми экинчи баскычка өттүк — так кантип кызматташарыбызды, кандай каналдар аркылуу, качан жана канча адам кабыл ала аларыбызды талкуулап жатабыз», — деди ал.

Бишкекке болгон сапарынын алкагында азербайжандык делегация Кыргызстандын кесиптик кошуундарынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Андагы негизги темалардын бири кесиптик кошуун мүчөлөрү үчүн атайын эс алуу шарттары болду.

«Биз социалдык уюм жана кесиптик кошуун системасынын бир бөлүгү болгондуктан, кошуун мүчөлөрү үчүн атайын жеңилдиктер болот. Бүгүн эртең менен Кыргызстандын кесиптик кошуундар кеңешинин төрагасы менен кандай жеңилдиктерди бере аларыбызды талкууладык», — деди Гаджиев.

Ошол эле учурда ал эки өлкө ортосундагы туристтик алаканы өнүктүрүүгө авиакаттамдардын кымбаттыгы тоскоол болуп жатканын моюнга алды.

«Негизги көйгөй — авиакаттамдардын кымбаттыгы. Биз кесиптик кошуун мүчөлөрүнө Азербайжанга келип, ден соолугун чыңдап кайтуусу ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу үчүн авиабилеттер боюнча эмне кылса болорун талкууладык», — деп түшүндүрдү ал.

Гаджиев кызматташтык кыргызстандыктардын Азербайжандын санаторийлерине баруусу менен гана чектелбеши керектигин, азербайжан тарап өз жарандарынын Кыргызстанда эс алуусун уюштурууга да кызыкдар экенин белгиледи.

Ал Ысык-Көлгө өзгөчө токтолуп, көлдү республикадагы эң жагымдуу туристтик багыттардын бири деп атады.

«Мен кызматташтык сөзсүз эки тараптуу болушу керек деп эсептейм. Бизди сиздердин бренд — Ысык-Көл да кызыктырат. Бул биз үчүн абдан кызыктуу, анткени биз да аны кайталангыс табигый байлык деп билебиз», — деди ал.

Эльвира Сатыбекова

Анара Мамытова

Scroll to Top