Бишкекте кароосуз калган 47 бала аныкталды. Кандай чара көрүлдү?

Бишкекте кароосуз калган 47 бала аныкталды. Кандай чара көрүлдү?

Бишкек шаарында «Кайырчы» рейдинин жүрүшүндө кароосуз калган 47 бала аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин районунун акимиаты райондук ички иштер бөлүмү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, билим берүү борбору менен биргеликте «Кайырчы» аталышындагы рейдин өткөрүштү.

Иш-чара бир гана тилемчилик кылгандарды эмес, туруктуу жашаган жери жок адамдарды, ошондой эле, үйдөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүз жана түнкү убактарда өткөрүлдү.

“Анын жыйынтыгында, туруктуу жашаган жери жок жана кайырчылык менен алектенген 48 адам аныкталган. Чоңдордун коштоосу жок жүргөн 47 бала РИИБге жеткирилди. Анын ичинен 6 бала социалдык жайларга, 17 бала жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 24 бала ата-энесине берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, туруктуу жашаган жери жана документтери жок адамдар сүрөткө тартылып, манжаларынын изи алынып, каттоого алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>