Мирзиёев түрк жарандарын шайлоодо Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү

Мирзиёев түрк жарандарын шайлоодо Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев түрк шайлоочуларын азыркы президент Режеп Эрдогандын талапкерлигин «толугу менен колдоого» үндөдү. Түркияда президенттик шайлоо эки айдан кийин өтөт.

Бул тууралуу Мирзиёев 16-мартта Анкарада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитинде билдирди.

«Заманбап, кубаттуу Түркиянын ийгиликтери жана жетишкендиктеринде урматтуу президенттин сиңирген эмгеги жогорку баага татыктуу», — деди Мирзиёев.

Мирзиёевдин билдирүүсү Өзбекстан президенттин мөөнөтүн узартууга багытталган конституциялык референдумга даярданып жаткан маалда айтылды.

30-апрелдеги референдумдун жыйынтыгында Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөттөрү жокко чыгарылып, бийликте 2040-жылга чейин калуусуна шарт түзүлөт.

Айрым талдоочулар Анкарадагы саммит расмий түрдө зилзаланын кесепеттери жана гуманитардык жардам темасына арналганы менен, иш-чара негизинен президент Эрдоганды колдоо үчүн өткөрүлдү деп эсептешет.

Соңку жылдары түрк лирасынын кескин арзандоосу, курмандыкка жана кыйроолорго алып келген зилзала Эрдогандын рейтингине терс таасирин тийгизгени белгиленип келет.

Түркияда президенттик шайлоо быйыл 14-майда өтөт. Түрк оппозициясы Эрдогандын атаандашы катары Элдик-респуликалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин тандаган.

Түркияда оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер көрсөттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>