Бишкекте «Казак киносунун күндөрү» өтүүдө

28-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында «Казак киносунун күндөрүнүн» расмий ачылышы өттү. Иш-чара 30-сентябрга чейин уланат.
Иш-чаранын ачылышына Кыргызстандын Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана Казакстандын КРдеги Элчилигинин кеңешчи-элчиси Асхат Сыздыков катышкан.
Үч күнгө созулган «Казак киносунун күндөрүнүн» алкагында көрүүчүлөргө казак кинематографиясынын ар түрдүү жанрдагы тасмалары тартууланат. Программага фантастика элементтери камтылган «Qaitadan» драмасы, «Алтын адам» толук метраждуу анимациялык тасмасы жана үй-бүлөлүк «Жабайы» тасмасы кирген.
Иш-чара кыргыз көрүүчүлөрүн казак кинолору менен тааныштыруу, эки мамлекеттин кинематографисттеринин байланыштарын чыңдоо жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган.