«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМи

05.10.2026 | 09:35
«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМи — Новости Кыргызстана

Flydubai авиакаттамындагы инцидент Иранды же аймактагы башка өлкөлөрдү айыптоо үчүн «эпсиз пландаштырылган». Бул тууралуу Mehr агенттиги Иран ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаиге таянып билдирди.

«Жалган далилдерге таянып, Иранды текшерүүгө мүмкүн болбогон нерселер боюнча күнөөлөп жатышат. Мисалы, <...> Flydubai каттамындагы окуя — кооптуулукту жаратуу жана Иранды же башка тараптарды айыптоо үчүн бул канчалык эпсиз пландалганын мектеп жашына жете элек балдар деле түшүндү окшойт», — деди Багаи өзөктүк объектилерди текшерүү тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Анын айтымында, Ирандын дарегине айтылган айыптоолор Газадагы кырдаалды экинчи планга жылдыруу жана Тегеран бүт дүйнөгө коркунуч туудурат деген түшүнүктү жаратуу максатын көздөйт.

Эске салсак, 30-сентябрда Дубайдан Тель-Авивге багыт алган Flydubai учагы өзгөчө кырдаал сигналын берип, кийинчерээк Сауд Арабиясына шашылыш конгон. Авиакомпания учуу учурунда учкучтардын ортосунда мушташ чыкканын ырастаган.

ЖМКларда учкучтардын бири экинчисин жарадар кылып, атайын авиациялык кырсык уюштурууга ниеттенген деген да маалыматтар пайда болгон. АКШ президенти Дональд Трамп кесиптешине кол салган учкучтун Иран менен байланышы болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Scroll to Top