«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелет
01.10.2026 | 16:58

Бишкек шаарында 3-октябрда саат 07:00дөн 23:00гө чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.
Чектөө аталган көчөнүн асфальт жабуусунун бузулган бөлүктөрүн оңдоого байланыштуу. Жолдун кыймылы Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки жана Карасаев көчөсүнөн Анкара көчөсүнө чейинки тилкелеринде убактылуу токтотулат.
Мэрия айдоочуларды жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап, башка көчөлөрдү пайдаланууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек, жол жабылат