Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

05.10.2026 | 09:54
Адылбек Касымалиев поздравил работников образования — Новости Кыргызстана

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоосунда ал бүгүнкү күндө билим берүү тармагына жаңы талаптар коюлуп, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, технологиялардын өнүгүшү жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр көптөгөн адистиктердин актуалдуулугун жоготушуна, алардын ордуна жаңы кесиптердин пайда болушуна алып келүүдө. Ал эми билимди иш жүзүндө колдоно билүү учурдун талабына айланууда.

«Колдонмо илимге көңүл буруу күчөп жаткан шартта биз сиздерден бул багытта жигердүү иш алып барып, олуттуу натыйжаларга жетишүүнү күтөбүз», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Касымалиев экономиканын салттуу тармактары менен катар креативдүү экономиканы өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдү жана тажрыйба-конструктордук иштерди ийгиликтүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, стартаптар жана патенттер кесиптик ишмердүүлүктүн кадимки жана ажырагыс бөлүгүнө айланышы керек.

Ал педагогдордун эмгегинин аркасында бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары жылдан жылга жакшырып, алардын алдыңкы жогорку окуу жайларына өтүүсүнө жол ачыларына ишеним билдирди. Күчтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетти куруу жолунда билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды жана жаңы окутуу ыкмаларын киргизүү, ошондой эле педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантыларын айтты.

«Билим — тарыхый прогресстин кыймылдаткыч күчү. Анын аркасында адамзат өнүгүп, жаңы бийиктиктерге умтулуп, азыркы өнүгүү деңгээлине жетти», — деп белгиледи Касымалиев.

Ал билим берүү тармагынын кызматкерлерине ак ниет эмгеги, кесипкөйлүгү жана жоопкерчилиги үчүн терең ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Теги: кабмин
Scroll to Top