«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

Бүгүн, 5-октябрда, өтө турган «Бишкек Арена» комплексинин расмий ачылышында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого 5 миң милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ачылыш күнү стадионго жакын аймактарда жеке автоунаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилет. Көрүүчүлөрдү жеткирүү үчүн атайын шаттл-автобустардын каттамы уюштурулат. ИИМ жарандарды кыймыл багыттарын алдын ала пландап, милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууга жана сунушталган коомдук транспортту колдонууга чакырды.
Мындан тышкары, 5-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик, муниципалдык жана билим берүү мекемелери аралыктан (онлайн) иштөө тартибине өткөрүлөт.
Министрлик көрүлүп жаткан чаралар ачылыш аземи учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана транспорттук жүктөмдү жөнгө салуу максатында ишке ашырылып жатканын билдирди.