Кыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойт

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жана баалуу айрым өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, сатууга, ташууга жана экспорттоого чектөө коюлган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.
Мындай чектөө 2024-жылдын 28-майында Министрлер кабинетинин «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомунун негизинде кабыл алынган. Чектөө 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.
Ага ылайык, чектөөгө төмөнкү өсүмдүктөр кирген: эндик (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk.), ясенец (Dictamnus L.), аконит (Aconitum L.), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch.), родиола (Rhodiola L.), самарканд өлбөс гүлү (Helichrysum maracandicum), Ольга жөө желими (Lindelofia olgae), узун мамычалуу жөө желим (Lindelofia macrostyla (Bunge)), мамычалуу жөө желим (Lindelofia stylosa) жана Чимган жөө желими (Lindelofia tschimganica).