Кыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдө

Агартуу министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Кыргызстандын бардык аймактарындагы дагы 35 мектепте, 16 бала бакчада жана 12 кесиптик-техникалык лицейде ысык тамак берүүнү ишке киргизди.
Программаны кеңейтүү БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын мектеп ашканаларын реконструкциялоого, тамак-аш даярдоо үчүн коопсуз жана натыйжалуу шарттарды түзүүгө, заманбап ашкана жабдууларынын 30дан ашык түрүн берүүгө, эки окуу жылына байытылган буудай унун жеткирүүгө, ошондой эле мектеп ашпозчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана тамак-ашты ден соолукка пайдалуу даярдоо принциптерин киргизүү максатында онлайн жана офлайн форматтарда жалпысынан 20 күнгө жакын окуу өткөрүүгө көрсөтүлгөн колдоонун аркасында мүмкүн болду. Натыйжада эми көбүрөөк билим берүү мекемелери жергиликтүү азык-түлүктөрдөн коопсуз жана пайдалуу тамактарды даярдап, балдарга жана окуучуларга бере алышат. Бул программа өлкө боюнча миңдеген балдарды камтыйт.
Программанын уюштуруучулары белгилегендей, акыркы жылдары жетишилген прогресске карабастан, Кыргыз Республикасында көптөгөн балдар дагы деле алардын ден соолугуна, билим алуу жөндөмүнө жана мындан аркы өнүгүүсүнө таасир этиши мүмкүн болгон тамактануу көйгөйлөрүнө туш болушат. Микронутриенттер жана антропометрия боюнча Улуттук комплекстүү изилдөөнүн маалыматына ылайык, 6 айдан 6 жашка чейинки балдардын 74%ы жетиштүү түрдө ар түрдүү тамактанбайт, ал эми 5 жаштан 9 жашка чейинки балдардын 30%ы темир жетишсиздигинен жабыркайт. Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн, айрыкча айыл жерлеринде жана аялуу коомчулуктарда, мектептеги тамактануу күнүмдүк рациондун маанилүү булагы болуп саналат. Бул окуудагы жетишкендиктерди жогорулатууга жана балдарда туура тамактануу адаттарын калыптандырууга жардам берет.
2013-жылдан бери БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мектепте тамактануунун улуттук программасынын сапатын, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга колдоо көрсөтүп келет. Агартуу министрлигинин жетекчилиги астында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана анын өнөктөштөрүнүн колдоосу менен программа буга чейин өлкө боюнча болжол менен 1000 мектепти азыктык баалуулугу жогору ысык тамак менен камсыздап, 500 миңден ашык баланы камтыды. Ошондой эле жергиликтүү фермерлер менен азык-түлүк жеткирүүчүлөрдүн мектепте тамактануу системасынын жеткирүү чынжырына катышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана алардын өнөктөштөрү Мектепте тамактануунун улуттук программасын мындан ары да чыңдоого, көбүрөөк балдардын пайдалуу тамактанууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана билим алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтула тургандыгын билдиришти.