Бишкекте Көчмөндөр оюндарына карата көчөнү оңдоо үчүн 4 миң чарчы метр жер бошотулат

23.06.2026 | 17:22
В Бишкеке ради ремонта улицы к Играм кочевников освободят 4 тыс. кв. м земли — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүүнүн алкагында Муром көчөсүн капиталдык оңдоо үчүн 4 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулат. Убактылуу соода жана кызмат көрсөтүү объекттерин пландуу түрдө бузуу (демонтаждоо) иштери жүргүзүлөрү тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Жолдун реконструкцияланып жаткан тилкесинде 40 ар башка ишкерге таандык 80ден ашык жеңил конструкциядагы павильон жайгашкан болчу. Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери алардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, андан соң менчик ээлери шаардын демилгесине түшүнүү менен мамиле кылып, ээлеп турган тилкелерин бошотуп берүүгө макулдугун билдиришкен.

Бүгүнкү күнгө карата 30га жакын субъект өз конструкцияларын ыктыярдуу түрдө бузуп алышты, калган аймакты тазалоо иштери графикке ылайык улантылууда. Муниципалитет маанилүү эл аралык иш-чаранын алдында борбор калаанын жол тармагын кеңейтүүгө жана көрктөндүрүүгө көмөк көрсөткөндүгү, ошондой эле жарандык жоопкерчилиги үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Теги: мэрия
Scroll to Top