Чек араны демаркациялоонун алкагында эки айыл Кыргызстандын курамына кирди

Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны демаркациялоонун алкагында 2500гө жакын калкы бар Чоңгара жана Таш-Төбө чек ара айылдары расмий түрдө Кыргыз Республикасынын курамына өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактардагы баракчасында билдирип, зарыл болгон каттоо жол-жоболору аяктагандан кийин бул калктуу конуштардын тургундарына Кыргызстандын жарандыгы берилерин тактады.
Буга чейин аталган айылдар Өзбекстандын Фергана облусунун курамына кирип келген, ал эми аларда этникалык кыргыздар жашайт. Бул аймактардын ордуна кыргыз тарап коңшу республикага аянты боюнча теңдеш чек ара тилкелерин өткөрүп берди. Мындан тышкары, тараптар Сай — Таян жолун куруу үчүн жалпы аянты 236 гектарды түзгөн жерлерди алмашышты. Мунун аркасында Айдаркенден Баткенге чейинки унаа каттамы 225 чакырымдан 55 чакырымга чейин кыскарат.
Муну менен катар Бишкек казак тарапка Токмок шаарынын аймагындагы трассанын 800 метрлик тилкесинде теңдеш жерлерди алмашууну сунуштады. Бул долбоорду ишке ашыруу Бишкектеги Алматы көчөсүнөн Кемин шаарына чейин узундугу 150 чакырымга жакын акы төлөнүүчү ылдам жүрүүчү автомагистралды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет. Алагозов мындай мамлекеттер аралык маселелер саясий чайкоочулуктун (спекуляциянын) куралына айланбашы керектигин баса белгиледи.