Бишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болду

03.08.2026 | 10:30
В Бишкеке 9-летний мальчик погиб от удара током на улице — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында көчөдөгү арыкта ойноп жатканда ток урган 9 жаштагы Ибрахим Анарбеков ооруканада каза болду. Бул тууралуу баланын апасы соцтармактагы баракчасында билдирди.

Апасынын айтымында, окуя 26-июлда борбор каланын 6-кичи районунун Айтиев көчөсүндө болгон. Ибрахим достору менен жол жээгиндеги арыкта суу кечип ойноп жүргөндө аны ток уруп, эс-учун жоготкон. Бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бишкек шаардык мэриясы окуя болгон жердеги чыңалуу жакын жайгашкан имараттардын бириндеги ички электр системасындагы бузулуулардан улам пайда болушу мүмкүн экенин билдирип, текшерүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал эми Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы окуя каттоого алынып, алдын ала тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Теги: Бишкек
Scroll to Top