Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыкты

03.08.2026 | 11:05
В честь 35-летия независимости Кыргызстана в обращение выпущена золотая монета — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 3-августтан, тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Монета өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата чыгарылууда.

Монетанын алдыңкы бетинде мамлекеттик желектин фонунда ак илбирстин сүрөтү, «Эгемен Кыргыз Республикасы» деген жазуу, «100 С» номиналы жана «35 жыл» деген белгилер түшүрүлгөн.

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыкты — иллюстрация

Арткы бетинде «35» саны, анын ичинде мамлекеттик герб жайгаштырылган. Фон катары курактын элементтерин камтыган геометриялык сызыктар колдонулган. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу, чыгарылган жылы (2026), металлдын үлгүсү (Au 999) жана салмагы (7,78 g) көрсөтүлгөн.

Монетанын мүнөздөмөлөрү:

  • Номиналы: 100 сом;
  • Металлы: Au 999;
  • Салмагы: 7,78 г;
  • Диаметри: 22,00 мм;
  • Сапаты: proof;
  • Нускасы: 1000 даана.

Бул коллекциялык монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.

Коллекциялык монета Улуттук банктын кассаларында 99 миң 460 сом баада сатылат. Сатуу иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

Scroll to Top