Бишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат

03.08.2026 | 09:54
В Бишкеке откроется международная выставка «Село» с участием китайских художников — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарындагы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Айыл» аттуу эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат. Анын ачылышы 6-августта саат 15:00дө өтөт. Иш-чара «Жибек жолу – 2026» кыргыз-кытай маданий алмашуу программасынын алкагында уюштурулган. Бул тууралуу КРдин Маданият министрлиги билдирди.

Көргөзмөнүн куратору — Нинбо университетинин Архитектура жана дизайн институтунун окутуучусу, доктор Янь Юань. Экспозицияга Кытайдын аймактарынан келген сүрөтчүлөрдүн, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын жана изилдөөчүлөрдүн эмгектери коюлат.

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы байланыштарды чыңдоого багытталган.

Иш-чаранын алкагында искусство жана маданий кызматташтык маселелери боюнча кесиптик жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлөт.

Scroll to Top