Жылуу күндөрдү узатабыз: Бишкектин борборунда кайсы жайкы аянтчаларда отурса болот

Кыргызстанга күзгү суук келип, ал акырындап борборго да жакындап калды. Үшүк, жамгыр, кар жана смог башталганга чейинки акыркы жылуу күндөрдө бишкектиктердин жана шаардын конокторунун кооз көрүнүшү жана таза абасы бар ачык верандаларда отуруп калууга дагы деле мүмкүнчүлүгү бар. Reporter.kg Бишкектин борборундагы жайлуу жайкы аянтчалар боюнча кыскача гид даярдады.
Espressolab
Ала-Too аянтынын жана аттас кинотеатрдын жанында жайгашкан, дүйнөлүк тармактын Бишкектин борборундагы бир бөлүкчөсү. Айланаңызда көлөкөлүү дарактар жана жаңы брусчатка төшөлгөн аллеялар болот, ал эми үстөлүңүздө кофе, десерт жана камыр азыктарынын кырктан ашык түрү. Бирок жөн гана тамактанып алуу үчүн эмес, кандайдыр бир долбоордун үстүндө иштөө үчүн келгендерге кофейнянын ичине кирүү же жертөлөдөгү коворкинг аймагына түшүү ыңгайлуураак болот.

Red dragon
Ч. Айтматов атындагы парктагы кытай ресторану. Анын бамбуктан жасалган жайкы аянтчасында ачуу татымалдары менен белгилүү сычуань ашканасынын тамактарын жана ондон ашык түрдөгү чайды даамдап көрсөңүз болот. Жайкы аянтча жарым-жартылай жабык, бирок паркка ачылган анча кенен эмес көрүнүштүн ордун кытай стилиндеги ички жасалгасы толуктайт. Red dragon даамдуу тамактануу же иштиктүү жолугушуу өткөрүү үчүн эң ылайыктуу, бирок ноутбук же планшет менен жумуш маселелерин чечип отуруу анча ыңгайлуу болбойт.

Happy Every Day
Эркиндик бульварынын жанындагы «алтын квадратта» жайгашкан эки кабаттуу кофейня жана гриль-бар. Эгер балдарыңыз менен барсаңыз, аларды ичкериде жайгашкан балдар аянтчасына калтырып койсоңуз болот. Мекеменин өзгөчөлүгү болгар ашканасынын тамактары, ошондой эле менюдан Бишкек үчүн адаттан тыш тамактарды, топоз жана төө этинен даярдалган тамактарды да тапса болот. Ал жакта иштегиңиз келсе, жайкы аянтчада розетка жок экенин эске алыңыз, негизги имараттан үстөл ээлөөгө туура келет.

Бублик
Кофейнялар тармагы, алардын бир бөлүгү Эркиндик бульварынын жана Б. Н. Ельцин атындагы КРСУнун жанында жайгашкан. Менюда европалык жана азиялык ашкана, албетте, ар кандай толтурмасы бар фирмалык бубликтер. Иштеп, бир аз тамактанып алгыңыз келсе, Шопоков көчөсүндөгү филиалга барыңыз, ал эми жөн гана түшкү тамактанып, шаардын күзүнөн ырахат алгыңыз келсе, Эркиндикке жакын Боконбаев көчөсүндөгү филиал ылайыктуу.

Paul
Ч. Айтматов атындагы паркты жана Орус драма театрын караган, өзүнүн кофейнясы бар ресторан. Белгилүү француз тармагынын Бишкектеги өкүлү өзгөчө маанайга басым жасайт жана социалдык тармактар үчүн көптөгөн тартуулар өтүүчү жайга айланып калган. Тартуу же достор менен жолугушуу жүрүп жатканда балдарды мекеменин балдар аянтчасына калтырса болот. Менюда ондогон түрдөгү камыр азыктары, кофе жана чай, француз жана европалык ашкана, ошондой эле мезгилдик меню бар.

Ant’s
Шаардык кофейнялар тармагы, алардын эң белгилүүсү Бишкектин борборунда, Эркиндик бульварында жайгашкан. Таңкы, күндүзгү жана кечки шаардын романтикалуу көрүнүштөрү жана өзгөчө маанайы үчүн бул филиал да Paul сыяктуу эле контент жаратуу үчүн да, жолугушуулар үчүн да эң ылайыктуу. Коноктордун балдары үчүн өзүнчө аянтча каралган, ал эми иштеши керек болгондор үчүн розеткалар жана акысыз Wi-Fi бар. Менюда кофе, камыр азыктары жана десерттер, европалык ашкана.

Пекариус
Панфилов атындагы парктын жанындагы жайкы аянтчасы жана мезгилге жараша жасалгаланган ички көрүнүшү бар чакан кофейня: жазында жана жайында сизди гүлдөр менен жашыл өсүмдүктөр, күзүндө жалбырактар, лампочкалар жана ашкабактар курчап турат. Менюда өздөрү бышырган камыр азыктары, кофе, европалык ашкананын тамактары. Бул жайкы аянтча жолугушуулар, кечки тамактар, сүйлөшүүлөр жана таза офлайн баарлашуу үчүн ылайыктуу: розеткалар жана чакан жумушчу аймактар имараттын ичинде гана бар. Балдар бурчу да ошол жерде, ичкериде жайгашкан.

Bellagio
Эркиндик бульварын караган жайкы аянтчасы бар кофейня жана кафе. Менюда европалык жана италиялык ашкана, кофе картасында кофенин ондон ашык түрү, автордук суусундуктар да бар. Жайкы аянтчанын европалык стилдеги жасалгасы аны күндүзү жана кечке жуук шаардагы эл көп барган жайлардын бирине айлантат.

Social Coffee
Ала-Too аянтынын жанындагы кофейнялар тармагынын филиалы. Борбордогу филиалдын жайкы аянтчасы кофейнянын «кышкы» бөлүгүнөн чоңураак аянтты ээлейт жана көп учурда ар кандай мастер-класстар менен иш-чаралар өтүүчү жайга айланат. Ыңгайлуу жайгашкандыктан, ал бранчтар жана иштиктүү түшкү тамактар үчүн да көп колдонулат.

Social Coffee кофейнясынын менюсунда европалык жана автордук ашкана, өзүнүн кофе жана десерт картасы бар. Балдарды кофейнянын ичиндеги балдар аянтчасында ойнотуп койсоңуз болот. Ал эми иштегиңиз келсе, сизге тынч жерден розеткасы бар үстөл тандап беришет.
Елена Короткова