Бишкекте коомдук унаалардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Бишкекте коомдук унаалардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды

Борбор калаанын мэри шаардык каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуп, эл ташуучу компанияларга кыймылдуу составдын пландалган чыгуусун тез арада  көбөйтүү маселесин карап чыгуу жана иштеп жаткан кичи автобустардын техникалык абалын такай көзөмөлдөө сунуштады. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Калаа  башчысы борбор калаанын транспорт тармагын жакшыртуу боюнча биргелешкен системалуу иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн алардын жеке жоопкерчилигин жетекчилерге эскертти.

Жыйында ошондой эле, автобустардын линиядагы пландалган чыгуусун жогорулатуу, GPS трекерлерди орнотуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө электрондук билет системасын киргизүү, газ куюучу станцияларды куруу, ошондой эле айдоочулардын арасында маданиятты жана этиканы сактоо талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>