Монголия парламентинин төрагасы президент Жапаров менен кыргызча сүйлөштү (видео)

Монголия парламентинин төрагасы президент Жапаров менен кыргызча сүйлөштү (видео)

Президент Садыр Жапаров Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн алакасы талкууланган.

Жапаров Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү керектигин, ошондой эле тоо-кен тармагында кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирди.

Президент билим берүү тармагындагы макулдашууга ылайык, кыргыз жана монгол тилдерин үйрөнүү үчүн студенттер менен алмашуу программасы иштеп жатканын белгиледи.

Сөз Гомбожавын Занданшатарга берилгенде, ал башында кыргызча сүйлөп, андан кийин өз тилинде сөзүн улады.

Гомбожавын Занданшатар Монголия Кыргызстан менен ар кыл багытта, анын ичинде парламенттер аралык кызматташууну арттырууга кызыктар экенин айтты.

Ал билдиргендей, монголиялык инвесторлор Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыктар.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>