Чүй облусундагы мектеп-интернатта балдардын укуктарынын бузулушу аныкталды

28.09.2026 | 16:54
Чүй облусундагы мектеп-интернатта балдардын укуктарынын бузулушу аныкталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатынын шарттарын текшерди. Мекемеде учурда 88 бала жашайт. Текшерүүнүн жыйынтыгында балдардын коопсуздугу, саламаттыгы жана социалдык укуктары боюнча кемчиликтер аныкталды.

Институттун маалыматына ылайык, 30 гектар жерди ээлеген интернаттын аймагы тосулган эмес. Акыркы бир жыл ичинде 6 бала качууга аракет кылган. Аймакта таштанды топтолгон жайлар бар жана жатаканалардагы төшөнчү-шейшептердин эскилиги жеткен. Ошондой эле кыздардын жатаканасындагы айрым санитардык түйүндөр жабык тургандыгы аныкталган.

Ошондой эле «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун катышуусунда 71 балага медициналык кароо жүргүзүлгөн. Текшерүүдө балдар арасында тиш оорулары, экзема, калкан безинин жабыркашы жана кыздарда педикулез аныкталган. Институт секемеде эки медициналык кызматкер эмгектенерин билдирип, амлекеттик органдарды балдарга медициналык көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары документтерди текшерүү учурунда алты балага мыйзамда каралган социалдык жөлөкпул чегерилбей келгени такталган. Соттун чечимдерине карабастан, ата-энелерден балдардын пайдасына алименттер өндүрүлгөн эмес.

Жыйынтыгында акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү бийликти мектеп-интернаттын аймагын тосууга, медициналык көзөмөлдү камсыздоого, ошондой эле балдардын социалдык төлөмдөр боюнча укуктарын калыбына келтирүүнү суранды.

Scroll to Top