Бишкекте абитуриенттерге Орусиянын ЖОЖдорунда билим алуу тууралуу айтып беришти

Бишкекте Орусиянын жогорку билим берүү көргөзмөсү өтүүдө. Анда абитуриенттер, ата-энелер жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү Орусиянын университеттеринин программалары менен таанышып, окууга тапшыруу шарттары тууралуу маалымат алышты.

Иш-чара Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде өтүп жаткан III Орус-кыргыз билим берүү форумунун алкагында уюштурулду.

Көргөзмөнүн катышуучулары Орусиянын ЖОЖдорунун өкүлдөрү менен түздөн-түз баарлашып, билим берүү программалары, даярдоо багыттары, окууга кабыл алуу талаптары жана Орусияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңири маалымат ала алышты.

Көргөзмөгө ар түрдүү багыттагы, анын ичинде инженердик, IT, медициналык, агрардык, транспорттук жана классикалык университеттер катышууда. Алардын катарында Москва, Санкт-Петербург, Самара, Астрахань, Томск, Уфа, Кострома жана Орусиянын башка шаарларынан келген билим берүү уюмдары бар.

Көргөзмөнүн өзүнчө бир багыты — Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн квоталарынын алкагында окууга тапшыруу маселелери боюнча кеңеш берүү болду. Кеңештерди Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери берип жатышат.

Бул көргөзмө болочок абитуриенттерге Орусиянын университеттеринин өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышып, билим берүү программалары жана тапшыруу шарттары жөнүндө керектүү маалыматты алууга мыкты өбөлгө түзөт.

Көргөзмөгө Reporter.kg басылмасынын кабарчысы барып келди. Кененирээк — жакында биздин сюжетте.
