Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте күзгө чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды
14.04.2022 | 14:38
Борбор калаада 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, массалык башаламандыктарды алдын алуу максатында Биринчи май райондун акимиаты райондук сотко митингди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен кайрылган.
“Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом