Дүйнөлүк банк медицинага 69 унаа берди

Дүйнөлүк банк медицинага 69 унаа берди

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жаңы Нива үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды

Бүгүн, 14-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин орулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жаңы «Нива» автоунааларын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда,  жалпы суммасы 1 014 300 (бир миллион он төрт миң үч жүз) АКШ долларын түзгөн 69 санитардык автоунаалар тапшырылган. Алар республикадагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жана саламаттык сактоо уюмдарына бөлүштүрүлүп берилди.

Автоунаалар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган COVID-19 өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү долбоору аркылуу сатылып алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>