Кабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун (НИИЖСТО) жамааты менен жолукту.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары медициналык мекемеге барып, аяктап калган оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде компьютердик томограф жана ангиографиялык жабдуулар орнотулчу бөлмөлөрдү көрдү. Ал аталган иштерди аяктоонун жана жабдууларды орнотуу үчүн бөлмөлөрдү даярдоонун создуктурулуп жатканына сын айтты.
Андан соң Маматканов саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана НИИЖСТОнун жетекчилиги менен биргеликте мекеменин жамааты менен «суроо-жооп» форматында жолугушуу өткөрдү. Кызматкерлер өз сунуштарын айтып, кызыктырган суроолорун беришти. Жолугушууда медициналык мекеменин ишмердүүлүгүнө, кызматкерлердин эмгек шарттарына жана медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.
Маматканов НИИЖСТОнун жетекчилигин башкаруучулук чечимдерди жетиштүү деңгээлде ыкчам кабыл албаганы, айрым маселелерди кароону создуктурганы жана берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө начар болгону үчүн сынга алды.
«Чечимдерди ыкчам кабыл алууну, жетекчилердин жеке жоопкерчилигин жана коюлган милдеттердин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу зарыл. Медициналык мекеменин натыйжалуу иштешин камсыздап, медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү жана бейтаптарга сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү зарыл», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары.
Жолугушуунун жыйынтыгында Маматканов белгиленген маселелерди чечүү жана мекеменин мындан аркы натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигине жана НИИЖСТОнун жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.