Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт

3-октябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Стилиңди бат-баттан өзгөрт: Байыркы дүйнөнүн кол жазмалары» аттуу лекция өтөт. Лекция саат 14:00дө башталат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Лекцияда байыркы доордо колдонулган жазуу куралдары: папирус, пергамент, мом тактачалар, камыш калемдер жана алардын тамгалардын формасына тийгизген таасири тууралуу сөз болот. Ошондой эле тарыхый артефакттарды изилдөөдө рентген, МРТ жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу жолдору каралат.
Иш-чараны искусство таануучу София Харитонова өткөрөт. Лекция музейдин 1-кабатындагы залда (Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 196) өтөт. Кирүү акысы 300 сомду түзөт. Билеттер музейдин кассасынан сатылат.