Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Бишкекте милиция жоголуп кеткен баланы таап, ата-энесине тапшырып берди
10.02.2024 | 22:20
Бишкекте милиция Ош базар жакта жоголуп кеткен 7 жашар баланы таап, ата-энесине тапшырып берди. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-февралда болжол менен 16:40та Бейшеналиева менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жаштагы М.А. аттуу бала жоголуп кеткен. Баласын таппай калган эне милицияга жардам сурап кайрылган.
Милиция кызматкерлери дароо издөө иштерине киришип, баланы бир нече сааттын ичинде Ош базарынын аймагынан аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп берген.
Баланын энеси уулун таап берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом