Баткенде жеке ишкер 45 млн сомго кап чыгарган ишкана ачкан

Баткенде жеке ишкер 45 млн сомго кап чыгарган ишкана ачкан

Баткенде жеке ишкер ачкан «Сүлүктү-Бакай» кап чыгарган ишканасында 75 киши жумуш орду менен камсыз болгон. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Сүлүктүдөгү ишкана 2023-жылы сентябрь айында иштей баштаган. Аны ачууга жалпы 45 млн сом сарпталган. Анын ичинен 34 млн сомду жеке ишке Каныбек Исмаилов өз чөнтөгүнөн чыгарып, кошумча Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 11 млн сом алган.

Учурда ишкана күнүнө 18 миң кап чыгарат. Каптар көмүр, акиташ салуу жана дан эгиндерин сактоо үчүн колдонулууда.

Өкмөт башчынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткенге болгон иш сапары учурунда аталган ишкананын иши менен таанышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>