Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт

07.10.2026 | 13:38
Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт — Новости Кыргызстана

9-10-октябрь күндөрү Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт. Иш-чара Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги, JICA уюму жана Кыргыз-жапон адам өнүгүү борбору тарабынан Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көмөгү менен уюштурулууда.

9-октябрда «Толкун» маданий борборунда саат 18:30дан 20:00гө чейин жапон добулбастарында ойногон «Ооэдодайко» тобунун концерти өтөт. Залга кирүү саат 18:00дө башталат. Дареги – Коёнкозов көчөсү, 60.

10-октябрда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 1-корпусунда саат 10:00дөн 12:00гө чейин концерттик программа уюштурулат. Ошондой эле саат 11:00дөн 12:00гө чейин дзюдо, кэндо, айкидо, оригами жана каллиграфия боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Дареги – Тыныстанов көчөсү, 32.

Бардык иш-чараларга көрүүчүлөрдүн кирүүсү акысыз.

Scroll to Top