Россияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдү

05.10.2026 | 09:10
Россияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдү — Новости Кыргызстана

Россияда чума оорусу катталгандыгы тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргызстанда мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттарында алдын алуу иш-чаралары жана санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бардык санитардык-карантиндик пункттар (СКП) күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтын көзөмөлүндө турат.

СКПлар мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдарга, транспорт каражаттарына жана жүктөргө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүдө.

Мындай чаралар жугуштуу оорулардын, анын ичинде өзгөчө кооптуу инфекциялардын өлкөгө киришинин жана жайылышынын алдын алуу максатында көрүлүүдө.

Буга чейин Россиянын ЖМКларында Иркутск облусунда чума оорусу чыгышы мүмкүн деген маалымат пайда болгон. Анда Иркутск чумага каршы институтунун кызматкери каза болгону, андан кийин аймакта эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөнү кабарланган. Бирок 4-октябрда Роспотребнадзор каза болгон аялдан чума оорусу тастыкталбаганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, ага этиологиясы (келип чыгышы) аныкталбаган пневмония диагнозу коюлган, ал эми кеңейтилген изилдөөлөр анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланышкан микроорганизмдерди аныктаган эмес. Иркутск облусундагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Ошол эле учурда Роспотребнадзор буга чейин Россияда адамдар арасында чума оорусу 10 жылдан ашык убакыттан бери каттала электигин маалымдаган. Өлкөдө чуманын 11 табигый очогу бар, алардын жетөө чек ара аралык (трансчек аралык) болуп саналат.

Scroll to Top