Жарандык авиация күнүнө карата «Манас» аэропортунда масштабдуу иштер аяктады

Кыргызстанда 7-октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Кесиптик майрамга карата «Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексин масштабдуу реконструкциялоонун алкагында негизги курулуш жана ишке киргизүү-жөндөө иштери аяктады.
Өлкөнүн башкы аба майданын жаңылоо 2025-жылдын мартында башталган. Иштер этап-этабы менен жүргүзүлгөндүктөн, оңдоп-түзөө жүрүп жаткан бардык убакыт бою аэропорт жүргүнчүлөрдү кабыл алууну жана учурууну токтоткон жок.
Долбоордун башкы натыйжаларынын бири — терминалдын аянтынын олуттуу кеңейтилиши болду. Реконструкциядан кийин анын аянты дээрлик 18 миң чарчы метрге чоңойду. Комплекстин кеңейиши аэропорттун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн кененирээк мейкиндик түзүүгө мүмкүндүк берди.
Жаңыртылган терминалда каттоо үчүн 50 заманбап стойка уюштурулду. Алардын санынын көбөйүшү, өзгөчө жүргүнчүлөрдүн агымы кескин көбөйгөн маалда, тейлөө процессин тездетүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө.
Реконструкциянын дагы бир баскычы — аэробекеттин жаңы батыш бөлүгүнүн ачылышы болду. Ал 2026-жылдын май айында пайдаланууга берилген. Бул жерде кенен күтүү залдары жабдылып, учуу алдындагы көзөмөлдөн өткөн жүргүнчүлөр үчүн стерилдик аймак кеңейтилген.
Масштабдуу жаңылоо терминалды гана камтыган жок. Аэробекеттин жанында болжол менен 650 унаага эсептелген заманбап көп деңгээлдүү жабык унаа токтотуучу жай (паркинг) курулду. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн унаа токтотуучу жай менен терминалдын ортосунда өтмөктөр каралган.
Ошондой эле аэропортко чектеш жол-транспорт тармагы толугу менен жаңыртылды.
Бүгүнкү күндө негизги курулуш жана ишке киргизүү-жөндөө иштери аяктады. Жаңыртылган аэробекет комплексинин расмий ачылышы күтүлүүдө.
Салтанаттуу аземге Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы катышып, реконструкциянын жыйынтыгы жана өлкөнүн башкы аба майданынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат деп пландалууда.