Чүйдө 26 адам коррупцияга шектелип кармалып, кылмыш иш сотко өттү

Чүйдө 26 адам коррупцияга шектелип кармалып, кылмыш иш сотко өттү

Чүй облусунда коррупция иши боюнча 26 адам кармалып, иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2011-жылдан бери Сокулук районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, архитектура бөлүмүнүн жана Новопавловка айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пайда көрүү максатында Ак-Ордо жаңы конушунун №481-1 контурунда жайгашкан «Э» жана «Ж» кварталдарынын башкы планына атайылап жалган маалыматтарды киргизип, натыйжада кошумча 43,2 га жер тилкесин бөлгөн. Андан кийин жерди 5 сотыхтан бөлүштүрүп, 614 жаранга жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберишкен. Жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси боюнча (Коррупция) кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү Чүй облустук милициянын Тергөө кызматына тапшырылган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында Сокулук районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана архитектура бөлүмүнүн бир катар кызмат адамдары, Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана бир нече жаран шектүү катары кармалган.

«Тергөөнүн жыйынтыгында жалпысынан 26 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш соттук кароого жиберилген», — деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук милициясы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү, бөтөн бирөөнүн жерин өз билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча курулуш жүргүзүү менен байланышкан кылмыштарды жасаган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>