Молдокматова: Актер Азиз Мурадиллаевге донор керек

Молдокматова: Актер Азиз Мурадиллаевге донор керек

Боор циррозу менен жабыркап, ооруканага түшкөн актер Азиз Мурадиллаевге донор керек. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда маалымат жыйында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Молдокматова учурда актердун абалы өтө оор экенин айтты. Учурда ага ылайыктуу донор табылбай жатканын билдирди.

«Анын абалы өтө оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кыргызстандын президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго кайрылып, санавиациянын учагын берүүнү суранам. Себеби биз өтө таланттуу актерду жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бүгүн саат 13:00до операция жасап, суюктукту чыгаруу керек. Андан кийин аны россиялык же түркиялык клиникага жеткирүү үчун санавицаянын учагын берүүнү өтүнөм – ал жактан трансплантация жасалат. Азыр донор маселеси да бар. Ага донор керек. Апасы донор болууга макул болгону менен дарыгерлер кооптуу экенин айтып, макул болбой жатышат. Донордун боорунун кичинекей бөлүгү гана трансплантация болот. Эгер кимдир бирөө макул болсо, оорунун жеңип кетишине жол бербейли» — деди ал.

Эскерте кетсек, 3-декабрда актер Азиз Мурадиллаев ооруканага түшүп, ал операцияга муктаж болгондуктан акча топтоо башталган. Операция үчүн 45 миң доллар керек экени айтылган. Ал үчүн эл тарабынан 1,5 млн сом чогултулса, президент 42 миң доллар берген.

Азиз Мурадиллаевдин операциясына эл 1,5 млн сом чогултуп берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>