Бишкекте Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолукту

Бишкекте Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолукту

Бүгүн, 26-майда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Ак-Кеме» мрамор чатырынын астында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинген. Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө лидерлери Ардак кароолдун командиринин рапортун кабыл алышып, ротанын алдынан басышты.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырышты. Ардак кароолдун аскерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Эстеликке сүрөткө түшкөн соң, мамлекет башчылары чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүгө багыт алышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Токаев

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>